"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жардам берет
"Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө жардам берет.
"Альянс Алтын" компаниясы менен КРнын Улуттук илимдер академиясы 13-майда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
УИАнын президенти, профессор Канат Абдрахматов белгилегендей, меморандумга ылайык, академия "Альянс Алтын" компаниясына консультациялык жана илимий кызматтарды көрсөтөт (анын ичинде буюртма боюнча ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзөт). "Альянс Алтын" - Кыргызстанда өзү мындай келишим түзүүнү сунуштаган алгачкы өнөр жай ишканаларынын бири. УИА үчүн алгылыктуу иш алып барган ишкана, уюмдар менен түзүлгөн мындай келишимдер маанилүү. Бул ишкана Кыргызстанда алтын өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Ал илимдин өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанисин жакшы түшүнөт жана бизмындай ишкерлерге көптөн бери муктажбыз. "Альянс Алтын" менен түзүлгөн келишим биргелешип өнүгүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деди Канат Абдрахматов.
"Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов белгилегендей, компания Жерүй кенинде 2015-жылдан бери иштеп келет жана алтын кен комбинаты ишке киргенге чейин эле 400 миллион доллар инвестиция салган. Ишкананын ачылышы 2021-жылдын мартында болгон. Учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт, анын тоннасында орточо 3-4 грамм алтын бар. Подряддык уюмдарды эске алуу менен кендин ишканасында 1,5 миңдей адам эмгектенет. Компания ошондойэле социалдык программаларды активдүү ишке ашырууда – өзүнүн алдындагы түзулгөн өнүктүрүү фонду аркылуу 547 долбоорду ишке ашырган.
Компаниянын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндөУИА менен иштешүү экологиялык таза чөйрөнү түзүү, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү жаатында маанилүү экендигин баса белгиледи. «Биз УИА менен кызматташууда абдан кубанычтабыз. Бул биз үчүн актуалдуу жана замандын талабына жооп берет. Анткени, илимдин өнүгүшү негизинен экономикалык ишмердүүлүктү жана калктын жашоо деңгээлин аныктайт. Академия менен биздин алдыбызда көптөгөн долбоорлор бар – алар жергиликтүү долбоорлордон тартып стратегиялык маанилүүлөргө чейин. Бул Меморандумга кол коюу биздин мындан аркы биргелешкен жемиштүү ишибизге түрткү берет деп ишенем», - деди ал.
Ошондой эле компаниянын жетекчилигине буга чейин Улуттук илимдер академиясынан анын ишин жакшыртууга жана КРнын илимин өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган жабдууларды сатып алууга демөөрчүлүк жардамга байланыштуу кайрылуу келген. Келген кайрылуу кароосуз калтырган жок жана ушул айдын аягына чейин жардам берүү пландалып жатканын билдирди Сабир Рахматов.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-kyrgyzstanda-ilimdinktrg-zhardam-beret
Добавить комментарий ×