Адабият. "Жүрөгүмдүн көзү, Асыл" (уландысы)
"Жүрөгүмдүн көзү, Асыл" атту чыгарманын уландысы. 2-чи серия. Башы бул жерде.
...-Ооба сулуу кыз, бүгүн сенин туулган күнүң. Туулган күнүң менен, -деди Асыл өзүнө өзү.
Дайыма туулган күнүн жалгыз тосуп көнүп калган Асыл бул жолу өзүнүн жалгыз экенин сезип өксүп турду. Күн жылуу болгондуктан үстүндөгү күрмөсүн чечип көк чөпкө олтурду да:
-Мен киммин? Мен бактылуумунбу?, -деп өзүнө суроо берип, бир саамга үн сөссүз турду да кайра:
-Асыл мен сенин биринчи сурооңо жооп издеп таппай койдум, ал эми экинчи сурооңо жооп берээрден мурда өзүң ойлоп көрчү, ата-энеси, бир туугандары, достору, жан шериги жок адам бактылуу болушу мүмкүнбү? Албетте жок! Сен бактысыз, эч кимге керексиз кызсың, сен жетимсиң!, -деди да өксүп, өксүп ыйлады. Жүрөгүнө жылдар бою толгон букту канча ыйлаган менен чыгарып таштай албасын түшүнсө да бук түшүп ыйлап алды...
-Мен бул жашоодо бирөөдөн жардам сурап көнгөн эмесмин. Мен дайыма өзүмдү өзүм тарбиялап көргөнмүн. Кээде өзүмдү жалгыз жана алсыз сезем, бирок, мен баарын жеңем, баарына чыдаймын...чыдаймын, -деди үнү каргылдана.
-...Күз... Менин кайгымдын күбөсү болгон күз. Мага бул жолу кандай сыноо даярдадың? Сенин мага деген сыноолоруңдун бүтөөр чеги барбы? Чындыгында мен сени жаман көрбөйм, айлананы алтын түскө боёгонуңду, жамгырыңды жактырам. Сени күтөм. Менин көп эсте калчу окуяларым күзүндө болуп өткөн... Байкасам көпчүлүк адамдар күз жамандыкты чакырат деп сени жаман көрүшөт экен. Билесиңби биз экөөбүз жалгыздыктын символдорубуз... Кимдир бирөө күздүн тумандуу жагын ал эми кимдир бирөөлөр алтындай болгон ачык түсүн көрүшөт, -деп бирде жаратылыш менен бирде өзү менен сүйлөшүп отуруп күүгүм түшкөндө гана үйгө кайтты. Жол боюнда кол кармашкан кыз-жигиттерди, аларды жактырбаган көз менен караган жаны өткөн апаларды, балдарын ойнотуп жүргөн жубайларды, Асыл өзү атап алгандай "бактылуу адамдарды" көрдү. Алардын баары ага бактылуу, кайгысы жоктой көрүнчү.
-Бакытыңар түбөлүктүү болсун "бактылуу адамдар".., -деди жылмая.
Күүгүм түшүп калгандыктан Асылдын көз көрүүсү кайрадан начарлап жолдун баарын туман каптагансып көрүнбөй баратты. Үйгө эптеп жетсем экен деп гана ойлонуп баратып өзүн начар сезип жолдун ортосунда эмне кылаарын билбей, айласыз, ары-бери темселеп туруп калды...
Уландысы бар...
Ссылка: https://barometr.kg/adabiyat-zhrgmdn-kz-asyl-ulandysy
Добавить комментарий ×