Адабият. "Жүрөгүмдүн көзү, Асыл"

6 февраля 2019 21:42 1926 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

-Мен бүгүн өзүмдү балалыктын таза ааламынан издедим... Шаар четинде жайгашкан кичинекей айылдагы үйлөрдүн биринен жан дүйнөсү таза, шыңгыр күлкүсү кулака жагымдуу, ата-энесинин мээримине бөлөнгөн, өзү да мээримдүү, кыялкеч, кичинекей Асыл деген кызга жолуктум. Асыл күндүн чыгып кайра батканына, гүлдөрдүн ачылганына, жамгырдын, кардын жааганына, баарына суктануу менен карачу. Ошол бактылуу күндөрдүн биринде эртең менен апасы Асылдын чачтарын өрүп жатып:

-Кызым менин, биз сени аябай жакшы көрөбүз. Биз атаң экөөбүз шаарга барып келели. Сен бала бакчадан чыкканча эле келип калабыз. Эгер кечигип калсак, кошуна Сайраш эжең менен үйгө келе бер ээ, деп чекесинен жылуу эриндери менен өөп койду. Бала бакчага бараткан жолдо атасы Асылды ушундай бир мээрим менен сүйүү менен карап алды. Туң наристе деген ушул тура деп ойлоп койду. Асылды бала бакчага жеткирип коштошуп алар шаарга жөнөп кетишти.  Ошол күнү күндө алып кетчү апасы кечикти. Келген жок... Бир маалда көңүлү суз болуп баягы Сайраш эжеси келип калды. Аны көргөн секелек кыз:

-Сайраш эжеее! Апамдар кечигип калышыптырбы? Алар мага айткан болчу, кечиксек Сайраш эжең келет деп, -деп чуркап чыкты.

Анда кошуна эжеси унчукпастан:

-Шордуум ай!, -деп бир кейип алды да жетелеп үйүнө алып кетти. Асыл эмне болгонун түшүнбөй бир бурчта гана отурду. Түнү да жакшы уктай албай апалап чыкты. Сайраш апаңдар кармалып жатышыптыр дегенден башканы айткан жок. Ошентип, кошуна эжесинин үйүндө 1 жумадай жашады... Анан бир күнү ал эже Асылды жетелеп алып бала бакчага окшогон бирок ар түрдүү курактагы балдар жашаган бир жерге алып барды. Ал жерден өзүн Жазгүл деп тааныштырган орто жаштагы эже жылуу тосуп алды.

-Асыл апаңдар келгенче ушул жерде боуп тур ээ, мен келип турам, -деп Сайраш эже шашкан бойдон кетип калды. Бул эмне болгон бала бакча экенин кыз түшүнө берген жок. Ал кароосуз калган балдар үйү эле...

Асыл күн сайын атам же апам келип калат деп күтүп жашоого өттү, ыйлады... Тарбиячы Жазгүл эжеден бир күндө жүз жолу сурачу болду. Бала эмеспи оюнга алаксыганда  унутуп калып жатты. Ал ата-энесинин эчак эле жерге берилгенин билбейт болчу...

Ошентип 5 жашында томолой жетим калган кыз кичинекейинен эле дилгир, тыкан, тартиптүү кыз эле, көргөн же укканын унутпай жаттап калчу. А убакыт өтө берди.

Арадан жылдар өтүп ошол кичинекей секелек келбеттүү кыз болуп чоңойду. Ал оор басырыктуу, түшүнүктүү, жалгыздыкты, тынчтыкты сүйгөн кызга айланды...

-Ооба ошол мен жолуктурган кыялдары таза секелек кыз чоңойду, 18ге толду.., -суу жээгинде туулган күнүн жалгыз тосуп жаткан Асыл өзүнө-өзү балалык күндөрүн айтып жатты. Суунун жээгинде олтурганда ал кадимкидей эс алып, бир азга болсо да түйшүктөрүнөн, ата-энесине деген сагынычынан арылып калаар эле...

Уландысы бар...

Ссылка: https://barometr.kg/adabiyat-zhrgmdn-kz-asyl



Добавить комментарий