Абылгазиев:“Коопсуз шаар” ишке киргенден бери жол кырсыктары сезилерлик төмөндөдү

12 апреля 2019 12:20 2457 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр жол кырсыктарын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө отчет берди.

Премьер өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизгенин жана анын алкагында кыймылы көп көчөлөрдө видеокамералар орнотулганын эскертип өттү.

Анын айтымында, долбоор ишке киргизилгенден бери жол кырсыктары 37,5 пайызга чейин азайган.

Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 44,4 пайызга төмөндөгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgazievkoopsuz-shaar-ishke-kirgenden-beri-zhol-kyrsyktary-sezilerlik-tmndd



Добавить комментарий