Абылгазиев: коронавирус коркунучу бизге абдан жакындады

16 марта 2020 12:08 1202 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус коркунучу Кыргызстанга абдан жакындаганын маалымат жыйында айтты.

Ал өз сөзүндө коңшу мамлекеттер — Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жарандарга жуккан фактылар катталганын белгиледи.

Аны менен катар Кыргызстандын экономикасы жана социалдык карым-катнаш аталган эки мамлекет менен тыгыз экенинине токтолду. Себеби аталган мамлекеттерге күнүнө миңдеген киши кирип-чыгат.

“Коронавирус коркунучу бизге абдан жакындады. Казакстанда биздиг 60 миңден ашык мигранттар жүрөт. Күнүнө жүздөгөн автотранспорттор, жарандар да кирип чыгат. Коронавирустун Кыргызстанга келүү коркунучу күчөдү. Коопсуздук жаатында мурдагыдан да абдан ыкчам чараларды көрөбүз. Авиа, жол, темир жол менен келип жаткандарды текшерүү процессетри күчөтүлөт, кээ бири узарат. Буларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев азыр Кыргызстанда коронавирус катталбаганын айтып, дарыгерлер менен тийиштүү кызматтар күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-koronavirus-korkunuchu-bizge-abdan-zhakyndady



Добавить комментарий