Абылгазиев өкмөт мүчөлүгүнө сунуштаган талапкерлерди Жогорку Кеңештин комитети жактырды

18 сентября 2018 16:35 1774 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештеги тармактык комитет Премьер-министр тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө сунушталган 3 талапкерди жактырды. Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында премьер-министр тарабынан КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына сунуш кылынган талапкерлер каралды. Талапкерлерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Ал сунуш кылынып жаткан талапкерлердин баары жогорку билимге ээ, тийиштүү иш тажрыйбалары бар экенин билдирди. 

Ошентип, талкуу жыйынтыгында КР Ɵкмѳтүнүн аппарат жетекчиси – министрлигине Шамилбек Асымбековдун, юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинини тѳрагалыгына Эмил Осмомбетовдун талапкерлиги жактырылды. 

Белгилей кетсек, буга чейин Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kmt-mchlgn-sunushtagan-talapkerlerdi-zhogorku-keeshtin-komiteti-zhaktyrdy



Добавить комментарий