Абылгазиев: ЕАЭБдин экономикалык милдеттерин аныктоодо улуттук кызыкчылыктар дагы эске алынышы керек

31 января 2020 16:55 1492 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү рыногун түзүүнү аяктоо үчүн товарлардын, кызматтардын, капитал менен жумушчу күчтөрүнүн ээн-эркин жүрүшүнө тоскоолдук кылган ички тоскоолдуктарды жоюу керектигин айтты. Кыргызстандын өкмөт башчысы мындай пикирин Алматыда өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

“Беш жылдык кызматташуу учурунда эң негизги жетишкендиктердин бири болуп товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтөрүнүн келишим укуктук базасын түзүү болду. Биздин биримдик улуттук экономиканын атаандаштыгын көтөрүү, туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү жана жарандардын жашоо турмуш деңгээлин көтөрүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле учурда тилекке каршы акыркы учурларда биримдиктин ичинде товарлардын кирип-чыгышында тоскоолдуктар болуп жатканына күбө болуп жатабыз”, — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле, кыргыз тарап ЕАЭБдин алкагында тең укуктук, ишеним жана өз ара кызматташуу принциптеринин негизинде кызматташууга өзгөчө маани бере турганын кошумчалады.

Абылгазиев андан сырткары жалпы максаттарды жана интеграциялык биримдиктин экономикалык милдеттерин аныктоодо улуттук кызыкчылыктар дагы эске алынышы керектигине токтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-eaebdin-ekonomikalyk-mildetterin-anyktoodo-uluttuk-kyzykchylyktar-dagy-eske-alynyshy-kerek



Добавить комментарий