Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштады

2 июня 2021 10:08 862 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук маршруткалардын айдоочулары жумушун таштады. Бул тууралуу  “Барометр” билдирет.

Айдоочулар январда май айына чейин жол кирени көтөрүү боюнча мэриянын убадасы аткарылбай жатканын нааразы.

Эки күн мурда маршруттук каттамдардын жеке фирмалары мэрияга барып, иш таштай турганын билдиришкен.

“Жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери мэрияга келип 10 чакты айдоочу иш таштап, митингге чыгууга үндөп жатканын кабарлашкан. Алар фирманын башчыларын укпай, ушундай кадамга барууга камынганын айтышкан. Мындан улам мэрияда акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүп, кырдаал талкууланды”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ошол эле учурда мэрия жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жыйынга чогулса эле кабыл алынарын кабарлады.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Жалпысынан үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлеп келет.  

Үстүбүздөгү жылдын январь айында маршруткалардын айдоочулары жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып митингге чыгышкан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshrutka-ajdoochulary-ish-tashtady



Добавить комментарий