Абал курчуп кетсе, Токио Олимпиадасы быйыл да болбой калышы мүмкүн

15 апреля 2021 15:30 5739 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе, Токио Олимпиадасы быйыл да болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Kyodo News+  маалымат агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Мындай маалыматты, Либералдык-демократиялык партиянын башкы катчысы Тосихиро Никаи билдирди. Саясатчынын айтымында, оюндарды өткөрүү дээрлик мүмкүн болбой калса, анда, бийлик Олимпиаданы өткөрүүдөн баш таркандан башка аргасы калбайт.

"Эгерде Олимпиаданы өткөрүү коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам иш жүзүндө мүмкүн болбой калса, анда, биз бул идеядан баш тартуудан башка эч нерсе калбайбыз", -  деди Никаи.

Белгилей кетсек, буга чейин,  Япониянын башка расмий өкүлдөрү Олимпиада кандай болгон күндө дагы боло тургандыгын баса белгилешкен.

Эске салсак, Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Коронавирус пандемиясынан улам, мелдеш бир жылга жылдырылган. Эми Олимпиада 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөт.

Дүйнөдөгү туруксуз кырдаалга байланыштуу, Олимпиадага чет элдик күйөрмандарды киргизбөө чечими кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/abal-kurchup-ketse-tokio-olimpiadasy-byjyl-da-bolboj-kalyshy-mmkn



Добавить комментарий