Оторбаева: "Пик катары коронавирус декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат"

30 июля 2020 14:23 5335 Barometr
Поделиться в:
ok

Респиратордук ооруларды алдын алуу күчөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендер жүргүзүлүп, 11 миңден ашык гриппке каршы вакцинаны сатып алууга келишим түзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

«Респиратордук ооруларды алдын алуу күчөтүү үчүн жана алардын экинчи толкунунун болушун эске алуу менен, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендер жүргүзүлүп, 11 миңден ашык гриппке каршы вакцинаны сатып алууга келишим түзүлдү. Бул пландалган вакциналар өлкө боюнча тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды вакцинациялоо үчүн ар бир регионго бөлүштүрүлүп берилет», - деп билдирди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамэпид көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева.

Анын айтымында, аба ырайынын суукташы менен республикада респиратордук вирустук оорулар көбөйөт. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп. Ал эми, тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтөт. Пик катары белгиленген мөөнөт – декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.

Ошондой эле, грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системаларды жана реактивдерди сатып алуу пландаштырылган.


Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajynyn-suuktashy-menen-respiratorduk-virustuk-oorular-kbjt



Добавить комментарий