Аба ырайы: 10-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Поделиться в:
10-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +22-27°
- Талас облусунда +22-27°
- Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +27-32°
- Ысык-Көл облусунда +19-24°
- Нарын облусунда +20-25°
- Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +25-27° ысык болот.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-10-sentyabrda-kee-bir-rajondordo-tkn-tkn-tp-kn-krkrjt
Добавить комментарий ×