8-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Поделиться в:
Бугүн 8-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +10…+15 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +11…+16 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгил менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +15…+17 градуска көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/8-oktyabrda-kpchlk-ajmaktarda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×