6-кичи районундагы өрт кырсыгы боюнча арендатору кармалды
6-кичи районунда өрт кырсыгынан каза болгон бала “Шаурма на мангале” тез-татымынын кызматкери болгон эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашты.
15-июнда Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез-татымдардын биринде газ баллон жарылып өрт чыккан. Анын кесепетинен 1995-жылы туулган бала каза болгон.
"Учурда ал өрт чыккан жерге эмне себептен барганы такталууда”,- деп айтылат маалыматта.
Кылмыш кодексинин 261-беренеси ('Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу') боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери башталды. Милиция тарабынан тез тамактануучу жайды ижарага алып иштеткен 1989-жылы туулган Э.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/6-kichi-rajonundagy-rt-kyrsygy-boyuncha-arendatoru-karmaldy
Добавить комментарий ×