5 миллондон сомдон ашык каражатты бербей качып жүргөн аял кармалды

2 июля 2019 17:19 2376 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Россия Федерациясындаг Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен ири алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адамдын кайда жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Москва шаарында көрүлгөн чаралардын натыйжасында, өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын (аял киши) аныкташты. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1976-жылы туулган Д.А. аттуу жаран (аял киши) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) кылмышты жасоого айыпталып тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2012-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта жасалган кылмыштар үчүн издөөгө алынган. Жакшы кирешелүү туруктуу бизнес ачабыз деп алдоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, жабырлануучулардан акча каражатын жана транспорттук каражаттарын алган соң изин жашырып жүргөн. Шектүүнүн бир гана жабырлануучуга келтирген чыгымы өзгөчө ири суммадагы 5 150 000 сомду түзгөн. Материалдык чыгым бүгүнкү күнү кайтарылып берилген эмес.

Издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөөгө алынган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/5-millondon-somdon-ashyk-karazhatty-berbej-kachyp-zhrgn-ayal-karmaldy



Добавить комментарий