"5-6 киши араң ажыратты". Бишкекте көчөдөн чоң ит окуучуну талап кетти

3 апреля 2021 16:25 2655 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 2-апрелде Бишкектин Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң ит мектеп окуучуларына жана бир аялга кол салганы тууралуу видео интернетке таркады. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Видеодон, бир топ мектеп окуучулары кетип бара жатканда ит кол салганын көрүүгө болот. Окуя болгон учурда итти ээси жетелеп бара жатканы көрүнүп турат. Бир учурда ит ээсине баш бербей, бошонуп кетип, мектеп окуучуларынын бирин талап баштаган. Жолдо өтүп бара жаткан адамдар да жардамга келип, таланды алдында калган баланы иттен араң ажыратышкан. Коркуп калган бала иттен бошонору менен дароо качып кеткен.

Бирок, ит дароо кайрадан, баланы ажыратуу үчүн сумкасы менен чапкылап, жардам берген аял кишини талап баштаган. Иттин ээси колундагы жип менен чапкылап жатып, араң ажыраткан. Видеодон итке тиштелген аялдын аксап араң басып кеткенин көрүүгө болот.

Ал эми, бул тууралуу "Барометр" милицияга кайрылганда, окуя 1- апрель күнү саат 18:30дар чамасында болгонун кабарлады.

"102 кызматына 1-апрель күнү саат 18:30дар чамасында Токтогул менен Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинен ит жаш балдарды талап жатканы тууралуу билдирүү келген. Жерине Свердлов РИИБнин кызматкерлери барганда 2009-жылы туулган баланы ит тиштеп койгону аныкталган. "Тез жардам" кызматы биринчи жардамын көрсөтүп, андан кийин баланы №3 балдар ооруканасына жеткиришти", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/5-6-kishi-ara-azhyratty-bishkekte-kchdn-cho-it-okuuchunu-talap-ketti



Добавить комментарий