43 жаштагы эркек эстеликке мине калып, аны кулатып салды

14 июля 2021 12:50 3059 1 Barometr
Поделиться в:
ok


Казакстандын Атырау шаарынын борборунда жайгашкан арт-объектке мас болуп алган эркек киши мине калып чаптырам дегенде скульптура кулап калды. Бул тууралуу ATPress.kz булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Сатпаев көчөсүндө жайгашкан арт-объектке жасаган эркек кишинин бул кылыгын полицияга шаар тургундары кабарлашты.

Полиция бейбаштын өздүгүн тактады, ал Уральск шаарынын 43 жаштагы жашоочусу экени аныкталды. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ал орточо кызуу абалда болгону белгилүү болду.

Бейбаштык үчүн Уральскинин тургуну беш суткага камалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/43-zhashtagy-erkek-estelikke-mine-kalyp-any-kulatyp-saldy



Добавить комментарий