40 жылдан бери уктабаган аялдын сыры илимий түрдө белгилүү болду

6 сентября 2021 10:54 1862 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын ЖМКлары 40 жылдан бери уктабай, бирок ошол эле маалда чарчабай жана уйкусурабай жүргөн аялдын ден соолугун текшеришкенин маалымдашты. Бул тууралуу Bastille Post булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Көп адамдар 24 сааттан ашык уйкусуз калганда каза табышы мүмкүн. Бирок Хэнань провинциясынын тургуну Ли Чжаньин 40 жылдан бери уктай электигин айтып келет. Аны аялдын жолдошу жана кошуналары тастыкташууда. Ли акыркы ирет 5 же болбосо 6 жашында уктаганын эстейт.

Чжунмоу уездиндеги айылдардын биринде жашаган бул аялды бир  канча жолу “алдап жатат” деп кошуналары түн ичинде келип текшерип көрүшкөн. Линин күйөөсү Лю Суокинь дагы аялы эч качан уктабаганын далилдеп келет.

Ли Чжаньин бир нече ирет дарыгерлерге көрүнүп бирок майнап чыккан эмес. Дарыгерлер ага куландан соо, бирок уктабайт деген диагноз коюп келишкен. Бир аз мурда аялды Пекиндеги медициналык борборго алып келишип текшеришти жана анын уктабаганынын сыры ачылды.

Дарыгерлер эң алдыңкы датчиктерди колдонуп аялдын мээсин изилдешти. 48 сааттык байкоодон кийин аял уктай турганы, бирок элден башкача уктай турганы аныкталды.

Мээ толкундары Ли жатып алып, эмес жөн гана адамдар же күйөөсү менен сүйлөшүп жатканда жеңил эле уктай берерин көрсөттү. Бул үчүн ал сүйлөшүп отуруп бир азга көзүн жумуп алса эле жетиштүү болмокчу.

Дарыгерлер аялга “ойгоо тургандагы уйку” менен жабыркайт деген диагноз коюшту.Тактап айтканда аял уктабай отурса деле анын ички органдары менен нервдери уктаган адамдай эс ала берери белгилүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/40-zhyldan-beri-uktabagan-ayaldyn-syry-ilimij-trd-anyktaldy



Добавить комментарий