Эротикалык түштөрдү кимдер көрөт? Түш тууралуу 12 факты

7 октября 2021 18:13 4413 Barometr
Поделиться в:
ok

Түш адамзат үчүн али табышмак бойдон келе жаткан көрүнүш. Түштөрдө биз чыны менен башкача жашоодо жашайбыз. Албетте окумуштуулар түштүн психологиясы тууралуу билгиси келип канчалаган изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Түштөрдү жоруп, талдап чыкканга кызыкккан адамдар да көп. Психологдор жана психотерапевттер түштөрдү талдап чыгып пациенттин чыныгы тынчсыздануусун табууга аракет кылышат. Бүгүн barometr.kg түштөр тууралуу сиз билбеген 12 фактыны сунуштайт.

№1 факты: Түштөрдүн 10 пайызын гана эстеп калабыз

Адам ойгонгондон кийин 5 мүнөткө жетпей көргөн түштөрдүн 90 пайызын унутат.

№2 факты: Ар бир адам түш көрөт

Психикалык жактан абдан катуу ооруга туш болгон адамдан тышкары, баардык адамдар түш көрөт. Бирок сиз түш көрбөйм уктайм десеңиз жаңылышасыз, болгону аларды эртең менен мээңиз унуттуруп салат.

№3 факты:Түштө буга чейин көргөн адамдарды гана көрүшөт

Биздин акыл-эс жашоодо көргөн жүздөгөн адамдардын элесин сактап калат жана аны түш көрүүгө колдонот.

№4 факты: Баардык адам түстүү түштөрдү көрбөйт

12 пайыз адамдар ак-кара түстүү түштөрдү көрүшөт. 1950-жылга чейин адамдар ушундай түштөрдү көрүп келишкен. Бирок 1960-жылдан соң тактап айтканда кинодо жана телевидениеде түстөр көбөйгөндөн кийин түстүү түштөрдү көргөндөр көбөйгөн. Ошону менен катар өтө жарык түстүү түштөрдү көп көрүү психикалык оорулардын башталышынан кабар бериши мүмкүн.

№5 факты:Эмоциялар

Түштөрдө эң көп тараган эмоция бул тынчы кетүү жана коркуу.

№6 факты:Бир түндө адам жетидей түш көрөт

Адам түнү бою төрттөн жетиге чейинки сандагы түштөрдү көрөт, бирок анын ичинен ойгонор алдындагы түштөрдү гана эстеп калат.

№7 факты: Жаныбарлар дагы түш көрөт

Изилдөөлөр жаныбарлар дагы түш көрө турганын көрсөткөн.

№8 факты:Түштөгү паралич

Адам тез уктап кеткенде таптакыр дене кыймылдабай калат.

№8 факты:

Мээ адамдарга уктап жаткан маалда сырттан уккан нерсени дагы интерпретация кылып түш катары көрсөтө бериши мүмкүн. Мисалы кошунаңыз музыка коюп алып тойлоп жатса ал кайсы бир деңгээлде түшүңүзгө кирип, кулагыңызга музыка жаңыра берет.

№10 факты: Эркектер жана аялдар эки башкача түш көрөт

Эркектердин 70 пайызы-түшүндө башка эркектерди көрөт. Ал эми аялдардын түшүнө эркектер да, аялдар дагы теңме-тең эле көрүнө берет. Эркектер көбүнчө түшүндө көбүрөөк агрессивдүү эмоцияларды баштан кечиришет.

№11 факты: Аян түштөр   

Бир канча сурамжылоолор 38 пайыз адамдар өмүрүндө бир ирет болсо дагы  аян болгон түш көргөнүн, ал эми 70 пайызы түшүндө көргөн окуялар кайталанганын айтышкан.  

№12 факты: Эротикалык түштөр

Эротикалык түштөрдү көргөн адамдар аны өңүндөгүдөй эле сезим менен кабыл алышарын, тактап айтканда жагымдуулукту, канааттанууну баштан кечире турганы окумуштуулар далилдешкен. Эротикалык түштөрдү көбүнчө жашоодо роматикалык маанайда жүргөн, сезимтал адамдар көрө турганы белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/erotikalyk-tshtrd-kimder-krt-tsh-tuuraluu-12-fakty



Добавить комментарий