"33 гана жашта болчу". Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду

17 апреля 2021 13:18 6278 Barometr
Поделиться в:
ok

Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду. Бул тууралуу анын жакын досу “Барометрге" маалыматты тастыктады.

Маалым болгондой, журналист бүгүн, 17-апрелде оорудан улам каза болгон.

“Майрамбек досум мындан бир жума мурун кан басымы көтөрүлүп кетип, улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жатып калган. Дарыгерлер, башынын кан тамырлары жарылып кеткенин айтышкан. Анын кесепетинен, инсульт алып калган. Бирок, Майрамбектин буга чейин, жүрөгү ооруп жүрчү.

Бүгүн, биз досубуздун сөөгүн Ат-Башыга алып кеткени жатабыз”, - деди маркум журналисттин досу.

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.

Ал болгону 33 гана жашта болчу.

“Барометрдин” жалпы жамааты журналисттин ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/33-gana-zhashta-bolchu-zhurnalist-majrambek-tojgonbaev-kaza-boldu



Добавить комментарий