27-май: Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат

27 май 2019 08:38 878 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргыз гидромет» борбору кабарлагандай, 27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/27-maj-bishkekte-zhaan-zhaabajt-shamaldyn-bagyty-zgrlp-turat



Добавить комментарий