Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо кар жаайт
Кыргызстанда 22-августта Толук аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү ынтымак.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге жетиши кутүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 32…34°.
Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/bejshembide-ktlgn-aba-yrajy
Добавить комментарий ×