Майдын акыркы күндөрү өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?
26-30-майда Кыргызстан боюнча кандай аба ырайы болорун ӨКМ билдирди.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы
26-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз кээ бир тоо этектеринде жана толуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
26-28-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 29-30-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы
26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-майда күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 27-майда жана 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз кээ бир тоо этектеринде жана толуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы
26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы
26-30-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы
26-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 29-майда күндүз жана 30-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/26-30-majlarda-lkd-ktlgn-aba-yrajy
Добавить комментарий ×