25-марттан тарта машыгуу залдары менен бассейндер дагы иштей турган болду

21 мая 2020 16:15 1560 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту.

Алар милдеттүү шарт түрүндө санитардык-гигиеналык ченемдерди сакташы керек. 

"Бул имаратты дезинфекциялоо, администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынган (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.). Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет!

Ссылка: https://barometr.kg/25-marttan-tarta-mashyguu-zaldary-menen-bassejnder-dagy-ishtej-turgan-boldu



Добавить комментарий