24-июль-Кыргызстанда жумуш күнү болуп эсептелет
Поделиться в:
Эртең 24-июль ишемби күнү Кыргызстанда жумуш күнү болуп саналат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 2021-жылдын 19-июлун (дүйшөмбү) 24-июлга жылдыруу тууралуу чечимге кол койгон.
20-июлда республикада Курман айт майрамы белгиленген, кыргызстандыктар жаздан берки эң узак эс алуу кылып, 17-июлдан 20-июлга чейин иштешкен эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/24-iyul-kyrgyzstanda-zhumush-kn-bolup-eseptelet
Добавить комментарий ×