Аномалдуу ысыктан жумуш күнүнүн убактысы кыскартылабы?

5 июля 2021 17:45 2222 Barometr
Поделиться в:
ok

Аномалдуу ысыктан улам жумушчу күнүнүн убактысы кыскартылбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Гидрометеорологиянын инструкциясына ылайык, аномалдуу ысыкта абанын температурасы +40 градуска жогорулап жана беш күн тынбай кармалышы керек. Кыргызстанда мындай жогорулоо каттала элек.

“КРнын Эмгек кодексине ылайык, жумуш берүүчүлөр эмгек коопсуздугун уюштурууда баардык шарттарды түзүшү керек”,-деп айтылат басма сөз кызматы берген маалыматта.

 Эскерте кетсек, 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда адаттан тышкары ысыктын болушу күтүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/anomalduu-ysyktan-zhumush-knnn-ubaktysy-kyskartylaby



Добавить комментарий