23-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт

23 октября 2020 09:19 1047 Barometr
Поделиться в:
ok

23-октябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунду +3-8°

Талас облусунда +2-7°

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +10-15°

Ысык-Көл облусунда +5-10°

Нарын облусунда +5-10°

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы  +6-8° градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/23-oktyabrda-kyrgyzstanda-aba-yrajy-keskin-suuktajt



Добавить комментарий