Окуучуларга жол коопсуздугу жөнүндө сабактар өтүлүүдө

13 февраля 2020 13:02 669 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын ИИББи Боюнча МККБнын кызматкерлери шаар ичиндеги мектептерге барып,жаш  өспүрүмдөр менен иштөөну улантууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бул жолкусунда  Бишкек  шаарынын ИИББи  боюнча  кайгуул милициянын 2-ротасынын командири  милициянын подполковниги Мидин Арстанбеков өзүнүн ИИМ тармагындагы басып өткөн көп жылдык зор эмгек жолуна таянып, Бишкек шаарынын Сверлов районунда жайгашкан №21- жалпы билим берүүчү  орто мектепке барып, окуучулар менен коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздук эрежелерин  сактоо боюнча жаш өспүрүмдөр менен ачык сабак өткөрду. 

Сабактын жүрүшүндө коомчулукта терс көрүнүш катары бааланган тамеки арак өңдүү адамды мас кылуучу каражаттарга басым жасап, ал нерселерден алыс болууга чакырды. Анткени  укук бузуулардын, чон кылмыштардын жол берүүсүнө ушул нерселер себеп болоору айтылды. 

Жол коопсуздук эрежелерин да сактоого өзгөчө көңүл буруп, автоунаада жүргөндө дайыма коопсуздук курун тагынып, жөө жүргөн учурда жол жээгинде гана жүрүүнү эскертти.

Мындан сырткары Ачык сабак  суроо- жооп  иретинде өткөрүлүп, окуучулар милициянын подполковнигинен  өздөрүнө керектүү жоопторду  канааттандыраарлык деңгээлде ала алышты

Ссылка: https://barometr.kg/21-mektepte-zhol-koopsuzdugu-zhnnd-sabak-tld



Добавить комментарий