2022-жылы бюджеттин дефицити 9 миллиард сом болот

22 сентября 2021 11:16 1771 Barometr
Поделиться в:
ok

2022-жылы бюджеттин дефицити 9 миллиард сом көлөмүндө болуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу 2022-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2023-2024-жылдарга прогноз боюнча коомдук уктуруу маалында Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2022-жылы мамлекеттик инвестициядагы гранттарды кошкондо 203 миллиард 563,5 миллион сом болушу күтүлүүдө, бул Ички дүң өндүрүмдүн 28,5 пайызына барабар.2021-жылга салыштырганда кирешелер 17,7 пайызга же болбосо 30,6 миллиард сомго өсө турганы күтүлүүдө.

“2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы каржылык активдерди эске албаганда 212 миллиард 685,2 миллион сом болот. Ал эми каржылык активдерди кошкондо 230 миллиард 882,3 миллион сом болмокчу. Бүгүнкү күндө салык кирешеси чыгашалардын корголгон беренелерин жаап жатат”,-деп айтты Алмаз Бакетаев.

Ошол эле маалда ал 2024-жылы бюджеттин профицити күтүлүп жатканын кошумчалады.Бирок бул тышкы жана ички карыздарды жабууга керектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/2022-zhyly-byudzhettin-deficiti-9-milliard-som-bolot



Добавить комментарий