УКМК органдары мамлекеттин бюджетине 5 миллиарддан ашык сомду толуктады

15 апреля 2021 14:03 3131 Barometr
Поделиться в:
ok

 УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жаткандыгы боюнча коомчулукка маалымдайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК мамлекеттин кирешесине 5 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарып берди. 

Алардын;

  • 2 миллиард сом мүлк түрүндө;
  • 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай түрүндө.

Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок",- деп айтылат маалымтта.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-organdary-mamlekettin-byudzhetine-5-milliarddan-ashyk-somdu-toluktady



Добавить комментарий