2021-жылдын башындагы эң көп жүктөлгөн тиркеме кайсы деп ойлойсуз?

6 февраля 2021 18:45 1249 Barometr
Поделиться в:
ok

Sensor Tower изилдөө компаниясы 2021-жылдын башында эң көп жүктөлгөн тиркемелердин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу аталган компаниянын соцтармактагы бакчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айында эң көп жүктөлгөн тиркеме Telegram мессенджери болгон. Бир айдын ичинде ал 63 миллион жолу орнотулган, бул былтыркыга караганда төрт эсе көп.

Рейтингде TikTok экинчи орунду ээледи. Колдонмо 62 миллион жолу орнотулган.

Америкалык миллиардер Илон Маск колдонууга чакырган Signal тиркемеси үчүнчү орун. Колдонмо ошондой эле Android колдонуучуларынын арасында экинчи жана iOS колдонуучуларынын арасында онунчу орунду ээледи.

Фейсбук жана WhatsApp январь айында эң көп жүктөлгөн тиркемелердин алдыңкы бештигин толуктады.

Ссылка: https://barometr.kg/2021-zhyldyn-bashyndagy-e-kp-zhktlgn-tirkeme-kajsy-dep-ojlojsuz



Добавить комментарий