ӨКМ канча жол дезинфекцияланганын билдирди
8-апрель күнү өлкө боюнча 1 045 600 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик тарабынан жалпысынан 12077 орундук даярдалган. Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат). Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган.
Андан сырткары 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7800 чалуу катталып, анын ичинен 665 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
Ө лкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 415 куткаруучу жана 107 унаа тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-8-aprel-kn-lk-boyuncha-1-045-600-unaa-zholdor-dezinfekciyalandy
Добавить комментарий ×