2019-жылы Кыргызстанда 363,4 чакырым жол асфальтталат
2019-жылы Кыргызстанда 363,4 чакырым жолго асфальт бетон төшөлөт. Бул туурасында Транспорт жана жол министрлиги кабарлады.
Маалыматтарга караганда бюджеттин эсебинен 126,6 чакырым жол асфальтталат. Анын ичинен асфальт Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун жети чакырымына төшөлөт. Андан тышкары жергиликтүү маанидеги же калк жашаган пункттардан өткөн жолдор оңдолот.
«Мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен 179,9 чакырым жол асфалттанат. Аны ичинен 139,9 чакырым райондун борборлорундагы жолдор, 40 чакырым негизги обүектилер, Кок-Таш — Ак-Сай — Тамдык, Ак-Сай — Рават авто жолдор оңдолот»,-деп маалымдады Транспорт министрлиги.
Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-kyrgyzstanda-3634-chakyrym-zhol-asfalttalat
Добавить комментарий ×