Жаңы жылда электр жарыгысыз калбаш үчүн алдын ала карызыңызды тактаңыз
«Түндүк электро» ишканасы бардык кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайт жана оңдоо иш-чараларына, авариялык учурларларга түшүнүү менен карап, чыдап, колдогон, керектелген электр энергияга өз учурунда төлөм жүргүзгөн жана акционердик коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарган абоненттерге ыраазычылыгын билдирет.
Ай сайын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Жаңы жылда жана андан кийинки 1-7- январь эс алуу күндөрү электр жарыгысыз калбаш үчүн «Түндүк электро» ишканасы электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.
Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электро” ишканасынын маалымат борборуна билдирме түшкөн соң электр жарыкка кайрадан кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.
Добавить комментарий ×