“Түндүк электр” ААКнын РЭС бөлүмүнүн башчысы пара алып кармалды

29 апреля 2019 18:08 1313 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кызматкерлерге мыйзамсыз сыйлык берүү боюнча фактынын бетин ачты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.   

Финполицияга Ж. Ш. аттуу жаран “Түндүк электр” ААКнын РЭС бөлүмүнүн башчысына карата чара колдонууну суранып арыз менен кайрылган. Башчы андан техникалык шарттарды ала турган документация иштерин оң жагына чечип берем деп 50 миң сом талап кылган.

Бул арыз Кылмыш кодексинин 238-беренесинин 1 бөлүмү- “кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алышы” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бир ай бою бөлүмдүн начальниги  У. Н. 50 миң сом каражатты бир нече ирет бөлүп алып жаткан учурда Финполициянын кызматкерлери тарабынан далил топтош үчүн көзөмөлдөнгөн.

Ошону менен башчы үч ирет арыз жазган адамдын колунан акча алган, тактап айтканда ага 27-мартта-5 миң сом, 29-мартта-10 миң сом, 26-апрелде-35 миң сом берилген.

Ар бир берилген акча Финполициянын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган жана фото менен видеого тартылган.

26-апрелде акыркы акчаны алып жаткан учурда начальник У. Н. кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-aaknyn-res-blmnn-bashchysy-para-alyp-karmaldy



Добавить комментарий