Улуттук банктын төрагасы: Саймаитиден 2011-жылы эле шектенгенбиз
21- январда кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев комиссия мүчөлөрүнө маалымат беришти. Финансылык чалгындоо кызматынын билдиришинче, алар акча которуулар боюнча өз базаларына таянып, чалгындоонун негизинде 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Аэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасы которгон 700млн доллар боюнча материалдарды жиберишкен. Бирок ИИМден жооп келген эмес, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ошол кезде кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду.
“2019-жылы “Азаттыктын” изилдөөсүнөн кийин премьер министр жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан маселени иликтөө боюнча кат келип, кайра изилденди. Учурда Айэркен Саймаитиге 2 млрд 602 млн сом, “Абдыразга” 3 млрд 810 млн сом мамлекетке кошумча салык төлөсүн деп коюлуп жатат”, - деп билдирди Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев.
Эл өкүлү Абтандил Кулбараковдун суроосуна жооп берип жатып, финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси сыртка чыгарылып кетти делген 700 млн доллар товардын акчасы болгонун ырастады.
“Ал мамлекеттин акчасы эмес, ишкерлердин акчасы болгон. Которуулар жүргүзүлгөндө акчанын дайыны жазылат да. Ошондо курулуш материалдары, тигүүчүлүк буюмдары, ж.б.лар үчүн деп көрсөтүлгөн”, - деди Гуламжан Анарбаев.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Айэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын акча которууларына шек жаралып, ага байланыштуу 2012-жылдан 2018-жылга чейин текшерүүгө 14 кат жибергенин ачыктады.
Комиссиянын төрагасы Талантбек Мамытов Саймаити эмне үчүн Өзбекстандан чыккан накталай акчаны Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге которгонун тактады. Улуттук банктын төрагасы муну Өзбекстанда сыртка ири суммада акча которуу мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынары менен түшүндүрдү. Ал эми Кыргызстанда валюталык көзөмөл жок жана ал учурда эч кандай чектөөлөр болгон эмес. Салык кызматынын белген маалыматына караганда, “Абдыраз” фирмасы 2011-жылы каттоодон өткөндөн кийинки 3 жыл ичинде болгону 18 700 сом салык төлөгөн.
Салык кызматы да 2019-жылы иш козголгондон кийин гана салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укук алган. Текшерүүнүн жыйынтыгында салыктан жаап жашыруу фактысы аныкталган жана бул иш учурда тергөөдө деп кошумчалады ал. Эл өкүлдөрүндө эмне үчүн ошол учурда иш козголгон эмес деген суроо жаралды. Депутаттык комиссия бул суроолорго кийинки отурумдарда тийиштүү органдардан жооп алышмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/2012-2018-zhyldary-uluttuk-bank-teksherg-14-kat-zhibergen
Добавить комментарий ×