20-майда Кыргызстандын көпчүлүк облустарында жаан жаайт
20-майда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборуна шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +25… +30°;
Талас облусунда +24…+ 29°;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +28… +33°;
Ысык-Көл облусунда түн +16… +21°;
Нарын облусунда +17… +22°;
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +26… +28° градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/20-majda-lknn-kpchlk-oblustarynda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×