“Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын расмий ачылышы болот

15 апреля 2019 12:46 1882 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

20-апрелде кечки саат 19:00дө “Ош -Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу эл аралык салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышы болот. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынын башкы адиси Жылдыз Бурканова Вarometr.kgге билдирди:

“Бул саамалыктын алкагында Ош шаарынын борбордук стадионунда концерттик программа тартууланат. Концертте түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, якутиялык этно стилдеги аткаруучулар дагы катышат. Ошондой эле Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын "Казына", "Жорга", "Шолпан" бий ансамбилдери, Өзбекстандын "Тумор" бий ансамбли, Кыргызстандын "Шаттык" элдик бий ансамбли жана курама эл аспаптар оркестрлери коштойт” - деп маалымат берди.

Мындан тышкары, эл аралык конкурстардын лауреаттары Кенже Көбөкова, Жоламан Үсөн уулу, КР эмгек сиңирген артисти Элнура Самарбекова, Гүлзада Рыскулова, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенчинбаев, Айпери Кулбаева, Ырыскелди Осмонкулов, Асылбек Өзүбеков, Нурлан Насип, Сайкал Садыбаказова, Темир Назаров жана башка ырчылар элге майрамдык концерт тартуулары айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/20-aprelde-osh-trk-djnsnn-madanij-borboru-attuu-el-aralyk-saltanattuu-ish-charanyn-rasmij-achylyshy-bolot



Добавить комментарий