19-майда Кыргызстанда жаан күтүлбөйт, Бишкекте күн ачык болот
Поделиться в:
19-майда Кыргызстандын аймагында кээ бир гана райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +27… +32°;
Талас облусунда +26… +31°;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29… +34°;
Ысык-Көл облусунда +18… +23°;
Нарын облусунда +19… +24°;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +29… +31° градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/19-majda-kee-bir-ajmaktarda-zhaan-zhaajt-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×