17-октябрда Жайыл районундагы "Мелиорация" көлмөсүнө чөгүп кеткен адам табылбай жатат

18 октября 2018 10:00 921 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жайыл районундагы көлмөгө түшүп кеткен адам табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында  Жайыл районунун Степное айылындагы "Мелиорация" көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес. 

 Издөө иштери бүгүн 18-октябрь күнү улантылаарын ӨКМ кабарлады. 

Ссылка: https://barometr.kg/17-oktyabrda-zhajyl-rajonundagy-melioraciya-klmsn-chgp-ketken-adam-tabylbaj-zhatat



Добавить комментарий