№17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери 3-ирет ковид менен ооруду
№17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гульнара Ташибекова үчүнчү ирет коронавирус менен ооруп айыкты. Бул тууралуу дарыгер өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, 27 күн бою температурасы жогору болгондуктан компьтердик томографияга барган. Диагнозун пневмония деп чыгарып беришкен. Ал катуу терден жана жыл билүүсү жоголгон.
“Анализдер жаман болду жана жыйынтыгында ковидден соң тамак сиңирүү трактында оору пайда болгон. 2 курс антибиотик алдым”,-деп жазды дарыгер.
Ташибекованын айтымында, ал коронавируска каршы 1,5 ай мурда эмдөө алган, анын пайдасынан улам демикпей жана жөтөлбөй ооруган.
“Эгерде эмдөө албасам эмне болмокмун билбейм. Эмдөө алгыла”,-деп жазды дарыгер.
Ссылка: https://barometr.kg/17-j-bllk-medicina-borborunun-bashky-darygeri-3-iret-kovid-menen-oorudu
Добавить комментарий ×