14,2 млн сом бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткан жарандар кармалды

29 января 2019 13:43 1072 Альбина Метерова
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери “Е.Г.” ААК тарабынан ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныктаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 29 январда кабарлады.

Маалыматка ылайык,  ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Е.Г.” ААК тарабынан КНСти төлөөдөн мыйзамсыз бошотуу жолу менен ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныкташты.

«Бул факт боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы 14  млн 203 841 сомду түзөт. Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/142-mln-som-bazhy-tlmdrn-tldn-bash-tartkan-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий