130 жаш. Окумуштуулар адамдар узак жашай баштайт дешти

30 сентября 2021 15:08 1398 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы изилдөөгө ылайык, адамдар эң аз дегенде 130 жылга чейин жашай алышат. Бул тууралуу Science Alert булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Эң эле узак жашаган адам 1875-жылы туулуп, 1997-жылы 122 жашка чыгып каза тапкан француз аял Жанна Калмент болуп саналат. Бирок жаңы изилдөө адамдар 130 жылга чейин жашай аларын аныктады.

Өлүм тобокелдиги улгайган адамдарда жыл өткөн сайын көбөйсө да адамда баардык шарты туура болсо 110 жашка чейин жөн гана жашап кое алат.

Ал эми 110 жаштан кийин миллион адамдын бирөө гана жашайт.

Ошентсе дагы окумуштуулар коронавируска карабай, саламаттыкты сактоо тармагындагы заманбап жетишкендиктер, мыкты жашоо образынан улам адамзаттын жашоо узактыгы көбөйөт деп эсептешүүдө.

“Бул жүз жылдыкта 130 жылга чейин жашаган адамдары көрүшүбүз мүмкүн. Бул үчүн адамга мыкты медициналык тейлөө жана жакшы социалдык жашоо гана керек”,-дейт Лозанна Федералдык политехникалык мектебинин профессору Энтони Дэвисон.

Учурда дүйнөдөгү эң улгайган адам болуп 118 жаштагы Япониянын тургуну Канэ Танака эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/130-zhash-okumushtuular-adamdar-uzak-zhashaj-bashtajt-deshti



Добавить комментарий