Бишкекте “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” кинофестивалы башталат

11 декабрь 2018 14:00 1446 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кинофестиваль жыл сайын 12-декабрда саат 12:00дө ачылат. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып негизделген. Аталган иш-чара быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат.

“Бул кинофестиваль эл аралык болуп эсептелет. Жылына бир жолу атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө, туптуура саат 12:00 дө ачылат. Максаты — мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттер арасында кыска метраждуу тасма жаратууну жандантуу. Балтика өлкөлөрү, Грузия жана КМШ мамлекеттери биригип, быйыл жалпысынан 14 республиканын катышары күтүлүүдө. Фестиваль эки бөлүктөн турат, тактап айтканда, улуттук тасмалар конкурсу жана чет элдик болуп бөлүнөт. Катышууну каалагандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалга алсак, быйыл Россиядан эле 3000ге жакын кино келип түштү. Алардын ичинен форматы фестивалдын жоболоруна туура келгенин тандалып алынган. Эми анын ичинен да бирөө гана жеңүүчү аталат” – деп уюштуруу тобу маалымат берди.

Белгилей кетсек аталган салтанат фестивалга катышуучу кинолор акысыз көрүүчүлөргө тартууланарын айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/12-dekabrda-saat-1200d-achylat



Добавить комментарий