1-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

1 сентября 2020 08:16 637 Barometr
Поделиться в:
ok

1-сентябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй обулусунда +23-28°

Таласта +21-26°

Баткенде +28-33°

Ош жана Жалал-Абад облустарында +28-33°

Ысык-Көлдө +19-24°

Нарын облусунда +24-29°

Бишкек шаарында 1-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы +26-28° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/1-sentyabrda-kpchlk-ajmaktarda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий