Дастан Бекешев дарыгерлердин күнөөсүнөн улам СПИДге чалдыккан адамдарга акчалай компенсацияны төлөөнү сунуштады
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев дарыгерлердин күнөсүнөн улам ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга акчалай компенсацияны төлөө сунушун демилгелеп чыкты. Депутат сунуштаган «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору парламенттин сайтында талкууга коюлду.
“Мыйзам долбоору мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медициналык кызматкерлердин күнөсүнөн улам ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга акчалай компенсацияны төлөө максатында даярдалды”,- деп билдирет Дастан Бекешев.
Анын айтымында, бул чара ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелери жете албай келген адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө чакырылган.
“2005-жылдан тартып 2018-жылдын 1-майына чейин республика боюнча ВИЧ-инфекциясы бар 14 жашка чейинки курактагы 632 бала катталган. Алардын ичинен 381 балага парентералдык жол менен жуккан”, - деп белгилейт Бекешев.
Демилгчинин билдиргенине караганда, 2018-жылдын 1-майына карата парентералдык жол менен жуккан 381 баланын ичинен 45 бала каза болгон, 27си өлкөдөн кетип калган. Ошону менен бирге белгилеп кетүү керек: ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын саны көп болгонуна карабастан, укук коргоо органдары 2005-жылдан тартып 2018-жылга чейин болгону 50 жазык ишин козгогон.
Добавить комментарий ×