Месси Бельгия курама командасынын коргоочусу Том Меньени өз командасына чакырууну сунуштады

19 июль 2018 19:30 1702 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Барселонанын чабуулчусу Лионель Месси клубдун жетекчилигине "ПСЖ"нын коргоочусу Том Меньени командага чакырууну сунуштоодо. Бул тууралуу Diario Gol агенттиги билдирет. Аргентиналык чабуулчунун сунушу боюнча Меньени командага тартуу менен "Барселона" коргоочулукту күчтөндүрө алышат.  Ал эми Барселонанын коргоочусу Серхи Роберто жарым коргоочулук милдетине өтөт. Өткөн сезондо Менье Пари-Сен-Жермен курама командасында 24 матч ойноп, 4 топту ийгиликтүү киргизип, 4 жолу натыйжалуу топту көтөрүп берген. Оюнчу Россиядагы дүйнөлүк футбол чемпиондугунда Бельгия курама командасында ойноп, коло медалга ээ болушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/messi-belgiya-kurama-komandasynyn-korgoochusu-tom-meneni-z-komandasyna-chakyruunu-sunushtady



Добавить комментарий