Атамбаев: Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керек

31 марта 2018 15:11 678 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 31-мартта болгон басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруусу керек деп эсептерин айтты.   

Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги президентикке коюлуп жатканда Асылбек Шарипович өзүнүн мандатын тапшыруусу керектигин айтканын эскертти.  

“Мен азыр да ушул позицияда турам. Мен буга чейин Асылбек Шариповичти сыйлай турганымды бирок президентин бир тууганы депутат болгону туура эмес экенин айткам. Эртеби кечпи бул мамлекетке зыян алып келиши ыктымал”,-деп айтты Атамбаев. 

Эскерте кетсек, буга чейин апрель окуясында курман болгондордун жакындары жыйын курушуп, президент Сооронбай Жээнбековдон өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөөнү өтүнүшкөн.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12977



Добавить комментарий