Атамбаев: Жээнбековго бирөө жагымсыз сөз айтыш керек болчу (видео)

31 марта 2018 14:31 1433 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 31-мартта болгон басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев  президент Сооронбай Жээнбековго жардам бериш керек бирок жакындарынын бири жагымсыз сөздөрдү да айтыш керек деп эсептейт.   

Анын айтымында, Жээнбековду мактабастан жардам берүү керек.

"Жээнбеков менин досум биз 20 жылдан ашык убакыттан бери дос болуп жүрөбүз. Улуу катары мен кээ бир сөздөрдү айтышым керек. Албетте мен анча жагымдуу эмес сөздөрдү айтууга туура келет. Мен Сооронбай Шарипович баарын угуп жана туура жыйынтык чыгарып жатканын көрүп турам. Ага Кыргызстандын Конституциясына оңдоо киргизүү күчүнө кирип, президенттик башкаруудан  акырындык менен парламенттик башкарууга өтүп жаткан учурдагы оор үлүштү көтөрүүгө туура келип жатат. Бул кайсы гана президент болбосун чоң сыноо. Бул Жээнбеков үчүн тарыхый миссия жана үч жылдай бул уланмакчы. Биз ага бул үчүн жардам беришибиз керек. Бирок аны мактабай ачуу чындыкты айтып. Акыркы ирет биз төрт жарым сааттан ашык сүйлөштүк. Акыркы 10-20 жылым үй-бүлөлүк кландык башкаруу болбосун деген аракет менен өттү. Мен мунун баары куру бекер кетпесин деп жатам. Мен Сооронбай Шарипович муну түшүнүп жатканын көрүп турам”,-деп айтты Атамбаев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12975



Добавить комментарий