Тогуз-Тородо фабриканын курулушуна каршы кайрадан митинг өткөрүштү. Атчандар ишкананын кызматкерлерин куугунга алышты

11 марта 2018 11:25 1408 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 10-мартта жергиликтүү тургундар Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы алтын алуучу фабриканын курулушуна каршы кайрадан митинг өткөрүштү. 

Адегенде митингге атчандар чыгышты жана ишкананын кызматкерлеринин  аңдып артынан түшүштү. Алар болсо өз кезегинде араң качып кутулушту.

Андан соң митингге агрессивдүү аялдардын тобу кошулду, алар алтын алуучу фабриканы курбаш үчүн чакырык ташташты.

Эскерте кетсек, алтын алуучу фабриканын курулушу февраль айында токтогон. Ага карабай Тогуз-Тородо элдин тобу жергиликтүу тургундарды митингге үндөп, 1-мартта мунун айынан алтын алуучу фабриканын аймагында башаламандыктар башталган. Фабриканын аймагына атчандар кирип келишип баарын талкалай баштаган. Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүу башкы башкармалыгы митингге катышкандарга акча таратылганын аныктаган. Негизинен милиция кызматкерлери берген маалыматка таянсак, демөөрчүлөр атаандаштар - "Макмал" алтын алуучу компаниясынын башчысы болгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-мартында  бир топ адамдар “Макмал алтын” комбинатынын эски фабрикасынын жанына «Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы алтын алуучу фабрика курушуна каршы митинг уюштурган.   

Күзөткө алынган объектинин аймагына саат 15:30да баарын талкалоого чакырык таштаган адамдар кирип келген.

15:58ге карай элдин тобу терезелердин айнектерине таш ыргыта башташкан. Алтын алуучу фабриканы куруп жаткан компаниянын күзөтчүлөрү каршы турууга күчтөрү жеткен эмес. Митингчилердин арасында мас болгон адамдар дагы жүргөн. Андан кийин алар курулуштун терезелерин талкалап жана заводдун аймагына таш ыргытышкан.   

Бул арада Бишкекте жүргөн Тогуз-Торонун акими заводдо башаламандык болгон жок деп ишендирүүгө аракет кылган.  Анын айтымында, митингге чыккандар кар менен терезелерди ургулашкан. Бирок видеодо так көрүнүп тургандай  күзөткө алынган объектинин тосмосунан кирген атчандар баарын талкалоо чакырыгы менен башаламандык уюштурушкан. 

7-февралда Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар алтын алуучу фабриканын курулушун токтотуу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын пикиринде фабрика болочокто экологияга зыян алып келиши ыктымал. Митингден кийин фабриканын  курулушун токтотушкан.

Буга чейин  компаниянын башчысы Адил Кайбалиев Barometr.kgге “митингге чыккандарды атайлап эле адашууга түртүп жатышат жана алтын алуучу фабрика ишке кирген учурда экологияга эч кандай зыян алып келбейт” деп билдирген эле.  

“Концентраттан алтын алган учурда биз цианид колдонбойбуз, күйгүзүү технологиясы дагы колдонулбайт. Болгону 300-400 градустук төмөнкү температурада кычкылдандырууну колдонобуз. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө коопсуз делип эсептелет”,-деп түшүндүргөн компаниянын башчысы.

Кайбалиев алтын алуучу фабриканын курулушу башталганга чейин компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү администрация менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айткан.

"Биз элге кандай иштерибизди, фабрика жергиликтүү бюджетке жана дегеле аймакка кандай пайда алып келерин маалымдадык. Биз өз кезегинде өзүбүзгө алган баардык милдеттерди аткарабыз. Жумушчу орундар түзүлгөн, курулуп жаткан объектиде 200 адам иштеп жаткан, ал эми алтын алуучу фабрика ишке кирип калса жыл сайын жергиликтүу бюджетке 41 млн сомго жакын салык түшөт. Биздин иш алып барып жаткан социалдык пакетибиз да бар. Негизинен туз казып алуу боюнча долбоорго инвестиция салганбыз”,-деп айткан Кайбалиев.

Ал митингдин артында элди адаштырып жаткан уюшкан топ турушу ыктымалдыгын да жокко чыгарбасын айтты.

"Митингде кайтарууга алынган объектке өздөрүн агрессивдүү алып жүргөн 200дөй адам кирип келишип баарын талкалап салышарын айтышты. Мен алар менен жолугуп, экологиянын нормалары бузулбаш үчүн кандай чаралар колдонуларын, кандай иштерибизди айтып түшүндүрдүм. Бул адамдардын көбү ишти көргөндөн кийин фабрика боюнча пикирлерин өзгөртүштү”,-деп белгилеген Кайбалиев.

Ал митингден кийин да кээ бир адамдар тарабынан провокациялар уланып жатканын кошумчалаган.

"Мисалга алсак, WatsAp аркылуу алтын алуучу фабриканы өрттөп, талкалап салууга чакырган кабарламалар таратылган”,-деп нааразы болгон Кайбалиев. 

Белгилей кетсек, алтын алуучу фабриканы 6-7 айдан бери куруп жатышат, бирок бул арада эл нааразы болгон эмес, бирок объектинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калганда жергиликтүу калк нааразы болуп чыкты.

Кайбалиев фабриканы оң жыйынтыктагы экспертиза берилгенде гана ишке киргизишерин баса белгилеген.

"Ишкананы ишке киргизүү тууралуу айтууга али эрте, биз курулуш иштерин аякташыбыз керек. Азыр объектидеги иштер токтотулду, кызматкерлер белгисиз мөөнөткө эс алууга кетишти”,-деп белгилеген компаниянын башчысы.

Алтын фабрикасынын курулушу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерине ылайык, ишке киргенден кийин ишкана концентратты гана кайра иштетип чыгуусу пландалган болчу.

Алтын алуучу фабриканы ишке киргизгенден кийин жез концентарттарды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгарышпайт деп күтүлүп жаткан. Азыркы тапта Талды-Булак Левобережный, Бозымчак жана башка кендер концентраттарды Казакстанга чыгарууга мажбур болуп жатышат. 

Фабриканы колдонуу мөөнөтү 8 жыл. Фабрикадан алтын, күмүш жана жез куймаларды чыгарууну пландашкан.

Алтын алуучу фабрика Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы  «Макмалалтын»  комбинатынын аймагында курулуп жатат.

Инвестициянын жалпы суммасы 30 млн долларды түзөт. Алтын алуучу фабриканын курулушунун биринчи баскычында бул суммадан 10 млн долларды инвестициялашкан.

Эл аралык келишимдерге ылайык, өкмөт Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорго  салынган инвестицияларды коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Мындай болбогон учурда инвесторлор эл аралык арбитражга доо арыз берүүгө укуктуу.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12294



Добавить комментарий