ИИМ Тогуз-Тородогу башаламандыкты уюштуруучуларды жана демилгечилерди аныктады. Атаандаштарга каршы митингди "Кыргызалтын" уюштурганбы?

11 марта 2018 10:28 2883 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоо органдары Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы алтын алуучу фабриканын курулушуна каршы митингдин демөөрчүлөрү менен уюштуруучуларын аныктады. Бул тууралуу 10-мартта Barometr.kgге Иички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгындагы (УККББ) жеке булактардан кабарлашты. 

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, "Макмал" комбинатынын эки кызматкери Тогуз-Тородогу алтын алуучу фабриканын курулушуна карашы митингге демөөрчү болушкан.

 “Ошондой эле митингдин уюштуруучуларынын жана анын активдүү катышуучуларынын аты-жөнү тизмеленди. Алардын ичинен 12 адам “Макмал” комбинатынын кызматкерлери”,-деп кабарлашты УККББдан.

Алтын алуучу фабрикага каршы митингдин демөөрчүлөрү менен активдүү уюштуруучулары төмөнкүлөр:

Руслан Токтогулов - "Макмал" комбинаттын тоо цехинин кызматкери (митингдин активдүү катышуучусу);

Жекшен Токтогулов - "Макмал" комбинатынын ТВС  башчысы  (митингдин активдүү катышуучусу);

​Абдил Калиев -"Макмал"  АТЦда айдоочу (митингдин активдүү катышуучусу);

​Данил Калиев - "Макмал" алтын алуучу фабриканын нөөмөт башчысы (митингдин активдүү катышуучусу);

​Азис Жаныкеев - "Макмал" алтын алуучу фабриканын нөөмөт башчысы (митингдин активдүү катышуучусу);   

Алмаз Исмаилов - "Макмал" алтын алуучу фабриканын башчысы (митингдин демөөрчүсү);

​Мендеш Бараталиев - "Макмал"  тоо цехинин кызматкери (митингдин активдүү катышуучусу);    

Конушбек Ондошев - "Макмал" ВОХР кызматкери (митингдин активдүү катышуучусу);   

​Болушбек Ондошев -  "Кыргызалтын" компаниясынын башчысынын айдоочусу (митингдин активдүү катышуучусу);      

​Рыскул Секеленов - "Макмал" ВОХР, башчынын орун басары (митингдин активдүү катышуучусу);        

Латифан Кудайберген уулу - "Макмал" алтын алуучу фабриканын кызматкери (митингдин активдүү катышуучусу);          

​Анарбек Токтоналиев – “Макмалдын” кызматкери (митингдин активдүү катышуучусу);            

​Ошол арада социалдык түйүндөрдө алтын алуучу фабриканын аймагында кайрадан митинг өткөрүү тууралуу чакырыктар айтылууда. 

 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-мартында  бир топ адамдар “Макмал алтын” комбинатынын эски фабрикасынын жанына «Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы алтын алуучу фабрика курушуна каршы митинг уюштурган.    

Күзөткө алынган объектинин аймагына саат 15:30да баарын талкалоого чакырык таштаган адамдар кирип келген.

15:58ге карай элдин тобу терезелердин айнектерине таш ыргыта башташкан. Алтын алуучу фабриканы куруп жаткан компаниянын күзөтчүлөрү каршы турууга күчтөрү жеткен эмес. Митингчилердин арасында мас болгон адамдар дагы жүргөн. Андан кийин алар курулуштун терезелерин талкалап жана заводдун аймагына таш ыргытышкан.    

Бул арада Бишкекте жүргөн Тогуз-Торонун акими заводдо башаламандык болгон жок деп ишендирүүгө аракет кылган.  Анын айтымында, митингге чыккандар кар менен терезелерди ургулашкан. Бирок видеодо так көрүнүп тургандай  күзөткө алынган объектинин тосмосунан кирген атчандар баарын талкалоо чакырыгы менен башаламандык уюштурушкан.  

7-февралда Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар алтын алуучу фабриканын курулушун токтотуу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын пикиринде фабрика болочокто экологияга зыян алып келиши ыктымал. Митингден кийин фабриканын  курулушун токтотушкан. 

Буга чейин  компаниянын башчысы Адил Кайбалиев Barometr.kgге “митингге чыккандарды атайлап эле адашууга түртүп жатышат жана алтын алуучу фабрика ишке кирген учурда экологияга эч кандай зыян алып келбейт” деп билдирген эле.   

“Концентраттан алтын алган учурда биз цианид колдонбойбуз, күйгүзүү технологиясы дагы колдонулбайт. Болгону 300-400 градустук төмөнкү температурада кычкылдандырууну колдонобуз. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө коопсуз делип эсептелет”,-деп түшүндүргөн компаниянын башчысы.

Кайбалиев алтын алуучу фабриканын курулушу башталганга чейин компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү администрация менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айткан.

"Биз элге кандай иштерибизди, фабрика жергиликтүү бюджетке жана дегеле аймакка кандай пайда алып келерин маалымдадык. Биз өз кезегинде өзүбүзгө алган баардык милдеттерди аткарабыз. Жумушчу орундар түзүлгөн, курулуп жаткан объектиде 200 адам иштеп жаткан, ал эми алтын алуучу фабрика ишке кирип калса жыл сайын жергиликтүу бюджетке 41 млн сомго жакын салык түшөт. Биздин иш алып барып жаткан социалдык пакетибиз да бар. Негизинен туз казып алуу боюнча долбоорго инвестиция салганбыз”,-деп айткан Кайбалиев.

Ал митингдин артында элди адаштырып жаткан уюшкан топ турушу ыктымалдыгын да жокко чыгарбасын айтты.

"Митингде кайтарууга алынган объектке өздөрүн агрессивдүү алып жүргөн 200дөй адам кирип келишип баарын талкалап салышарын айтышты. Мен алар менен жолугуп, экологиянын нормалары бузулбаш үчүн кандай чаралар колдонуларын, кандай иштерибизди айтып түшүндүрдүм. Бул адамдардын көбү ишти көргөндөн кийин фабрика боюнча пикирлерин өзгөртүштү”,-деп белгилеген Кайбалиев.

Ал митингден кийин да кээ бир адамдар тарабынан провокациялар уланып жатканын кошумчалаган. 

"Мисалга алсак, WatsAp аркылуу алтын алуучу фабриканы өрттөп, талкалап салууга чакырган кабарламалар таратылган”,-деп нааразы болгон Кайбалиев.  

Белгилей кетсек, алтын алуучу фабриканы 6-7 айдан бери куруп жатышат, бирок бул арада эл нааразы болгон эмес, бирок объектинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калганда жергиликтүу калк нааразы болуп чыкты.

Кайбалиев фабриканы оң жыйынтыктагы экспертиза берилгенде гана ишке киргизишерин баса белгилеген.

 "Ишкананы ишке киргизүү тууралуу айтууга али эрте, биз курулуш иштерин аякташыбыз керек. Азыр объектидеги иштер токтотулду, кызматкерлер белгисиз мөөнөткө эс алууга кетишти”,-деп белгилеген компаниянын башчысы.

Алтын фабрикасынын курулушу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерине ылайык, ишке киргенден кийин ишкана концентратты гана кайра иштетип чыгуусу пландалган болчу.

Алтын алуучу фабриканы ишке киргизгенден кийин жез концентарттарды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгарышпайт деп күтүлүп жаткан. Азыркы тапта Талды-Булак Левобережный, Бозымчак жана башка кендер концентраттарды Казакстанга чыгарууга мажбур болуп жатышат.  

Фабриканы колдонуу мөөнөтү 8 жыл. Фабрикадан алтын, күмүш жана жез куймаларды чыгарууну пландашкан.

 Алтын алуучу фабрика Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы  «Макмалалтын»  комбинатынын аймагында курулуп жатат.

Инвестициянын жалпы суммасы 30 млн долларды түзөт. Алтын алуучу фабриканын курулушунун биринчи баскычында бул суммадан 10 млн долларды инвестициялашкан.

Эл аралык келишимдерге ылайык, өкмөт Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорго  салынган инвестицияларды коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Мындай болбогон учурда инвесторлор эл аралык арбитражга доо арыз берүүгө укуктуу.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12293



Добавить комментарий